Жуманазарова рейтингдик турнирде мурдун сындырган казакстандык балбан кыздан реванш алды
RU

Жуманазарова рейтингдик турнирде мурдун сындырган казакстандык балбан кыздан реванш алды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Мээрим Жуманазарова Бишкекте өтүп жаткан күрөш боюнча (UWW) рейтингдик турниринин жарым финалына чыкты.

Ал 2-июнда 68 килограммга чейинки салмак категориясында 1/4 финалдык бөлүктөн беттешин баштады.

Кыргыз балбанынын биринчи атаандашы Казакстандын спортчусу Елена Шалыгина болду. Беттеш 1:1 эсеби менен аяктап, акыркы упай Жуманазаровага берилгени үчүн жеңишке жетип, жарым финалга жолдомо алды.

Эске салсак, Жуманазарова менен Шалыгина Алматыда өткөн Азия чемпионатында 3-орун үчүн күрөшкөн. Анда казакстандык балбан кыз Жуманазарованын мурдун башы менен сүзүп алган. Алган жаракатынан улам кыргыз балбаны беттешти уланта албай, үчүнчү орунду алдырып жиберген.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/12724