Садыр Жапаров Украина тууралуу: Мамлекеттердин аймактык бүтүндүгүн сактоону колдойбуз
RU

Садыр Жапаров Украина тууралуу: Мамлекеттердин аймактык бүтүндүгүн сактоону колдойбуз

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Президент Садыр Жапаров "Европа Биримдиги - Борбор Азия" форматындагы экинчи саммитте эл аралык коопсуздук маселелери тууралуу айтып жатып Украинадагы кырдаалга токтолду. Ал кыргыз тарап кандай гана чыр-чатак болбосун, сүйлөшүүлөр аркылуу чечилиши керек деп эсептейт.

Анда президент мамлекеттердин аймактык бүтүндүгүн сактоону колдой турганын кошумчалады.

"Биз бул согушту токтотуу боюнча өз ара алгылыктуу чечим табууга өбөлгө боло турган ортомчулук аракеттерди жана тынчтык демилгелерди кубаттайбыз. Кыргызстан аймактык бүтүндүк, суверенитет, мамлекеттердин ички иштерине кийлигишпөө принциптерин катуу карманат жана эл аралык укуктун жалпы таанылган принциптери менен ченемдерин сактоону жактайт. Биз бүгүн эл аралык мамилелердин жана коопсуздуктун дүйнөлүк архитектурасында болуп жаткан терең өзгөрүүлөрдү көрүп турабыз. Дүйнөнүн булуң-бурчтарында жарыша куралдануунун жана чыңалуунун очоктору пайда болуп жатканы бизди өтө тынчсыздандырат. Мындай шарттарда жаңы муундардын келечеги үчүн ар бир өлкөнүн кызыкчылыктарын эске алуу менен глобалдык жана региондук коопсуздукту бекемдөөнүн үстүндө биргелешип иштөө маанилүү деп эсептейбиз. Бүгүнкү басма сөзгө жасай турган биргелешкен билдирүүбүздө Тышкы иштер министрлерине жана Евробирликтин Жогорку өкүлү Барель мырзага Европа Бирлиги менен Борбор Азиянын ортосундагы байланыштарды тереңдетүү боюнча биргелешкен жол картасын ишке ашырууну жол-жоболоштуруп, алдыга жылдырууну тапшырабыз. Кызматташтыктын негизги багыттары боюнча менин сөзүмдө айтылган сунуштар бул документте эске алынат деп ишенем",- деди Жапаров.

Белгилей кетсек, Чолпон-Атада Кыргызстандын төрагалыгы астында "Европа Биримдиги - Борбор Азия" форматындагы экинчи саммит өтүп жатат.

Буга чейин саммит былтыр 27-октябрда Казакстандын борбору Астана шаарында өткөн.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/12737