"Ынтымак" фракциясынын депутаттары АКШга " иш сапар менен барышат
RU

"Ынтымак" фракциясынын депутаттары АКШга " иш сапар менен барышат

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Жогорку Кеңештеги "Ынтымак" фракциясынын депутаттары АКШга иш сапары менен жөнөп жатышат. Бул тууралуу Kaktus.media сайтына Жогорку Кеңештин депутаты Балбак Түлөбаев билдирди.

Анын айтымында, эл аралык мамилелер боюнча улуттук демократиялык институт (NDI) депутаттарга чакыруу жөнөткөн.

"Чакыруу фракциянын бардык депутаттарына келди. Азыр баарыбыз визага арыз бердик, макулдугун күтүп жатабыз. Сапар ушул жылдын июнь айынын аягында, үч-төрт күнгө болот", - деп түшүндүрдү депутат.

Түлөбаев белгилегендей, аталган уюм учуу, жатакана жана шаарларга баруу чыгымдарын толугу менен өз мойнуна алды.

Нурланбек Шакиев июнь айында депутаттардын чет өлкөгө чыгуусуна чектөө киргизген. Эске салсак, спикер мындай чечимин 31-майда билдирген.

Башкы беттеги сүрөт: Kloop.kg.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/12795