Парламент спикери депутаттардын өлкөдөн чыгуусуна чектөө киргизди
RU

Парламент спикери депутаттардын өлкөдөн чыгуусуна чектөө киргизди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев июнь айында депутаттардын чет өлкөгө чыгуусуна чектөө киргизди. Бул тууралуу ал 31-майда парламенттин жыйынында билдирди.

"Маалымат катары айткым келди. Өзүңүздөр билесиздер, парламенттин жайкы каникулга таркашына бир ай гана убакыт калды. Андыктан жемиштүү иштөөңүздөрдү суранам. Өлкө үчүн өтө маанилүү бир нече мыйзам долбоорлору каралууда. Ошондуктан милдеттерин так аткарууну өтүнөм. Андан сырткары бардык чет өлкөгө иш сапарларга чектөө киргизилет, таарынбагыла. Болгону 2-3 депутат командировкага чыга алат. Сапарыңарды өзүңөр чектегиле, биз да көзөмөлдөйбүз", - деп спикер депутаттарга кайрылды.

Эске салсак, депутаттар июль-август айларында эс алышат. Алар 1-сентябрда жумушка кайтып келишет.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/12662