Катардын эмири Садыр Жапаровду Азия кубогуна чакырды
RU

Катардын эмири Садыр Жапаровду Азия кубогуна чакырды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Катардын эмири шейх Тамим бин Хамад Аль Тани президент Садыр Жапаровду быйыл Катарда өтө турган Азия кубогуна чакырды.

Эмир Жапаровго 2022-жылы декабрь айында Катарга жасаган сапары үчүн ыраазылык билдирди. Анда Садыр Жапаров дүйнө чемпионатынын финалдык оюнун көргөнү барган.

"Катарга болгон сапарыңыз, чемпионатты уюштуруудагы жылуу сөздөрүңүз үчүн чоң рахмат. Бүткүл дүйнө көз салып турду. Футболго болгон өзгөчө көңүлүңүз бизди аябай кубандырат. Сизди Катарда өтө турчу Азия кубогуна чакырабыз", - деди катардын эмири Садыр Жапаровго.

Азия кубогун 2024-жылы12-январдан 10-февралга чейин болот. Азия биринчилигинин финалдык бөлүгүнө Кыргызстан бул ирет экинчи жолу катышат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/12814