Катарда өтө турган Азия кубогунда Кыргызстан биринчи оюнда Таиланд менен беттешет
RU

Катарда өтө турган Азия кубогунда Кыргызстан биринчи оюнда Таиланд менен беттешет

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Катарда өтө турган Азия кубогунда Кыргызстан биринчи оюнда Таиланд менен беттешет.

Кыргыз футбол союзу Катарда өтө турган Азия кубогу - 2023 оюндарындагы Кыргызстандын командасынын тайпалык оюндагы расписаниесин жарыялады.

Алгачкы "Ак шумкарлардын" беттеши 2024-жылдын 16-январында саат 20:30да (Бишкек убактысы боюнча) Дохадагы Абдулла бин Халиф стадионунда өтөт.

Экинчи оюн 21-январга (саат 23:30) белгиленген. Кыргызстандын курама командасы сауд арабиялыктар менен кез келет.

Оман менен оюн 25-январга белгиленди (саат 21:00).

1/8 финалдык оюндар 28-январда башталат.

Чейрек финалдык беттеш 2-3-февралда, жарым финалдык беттеш 6-7-февралда, ал эми финал 10-февралда өтөөрү белгилүү болду.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/12209