Дмитриевкада көчөлөр кайрадан курчоого алынды (фото)
RU

Дмитриевкада көчөлөр кайрадан курчоого алынды (фото)

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

9-июнда Дмитриевка айылында бомба коюлган деген шектенүү менен көчөлөр кайрадан жабылды. Бул тууралуу Kaktus.media сайтына жергиликтүү тургундар билдиришти.

Алар Пиндюрин көчөдөгү мамылардын биринен шектүү боо табышканын айтышкан.

Жергиликтүү тургундар милиция кызматкерлерин чакырышкан. Азыр бир нече борбордук көчөлөр курчоого алынып, унаалар жана жөө жүргүнчүлөр өткөрүлбөй жатат.

Эске салсак, 17-майда Дмитриевка айылында ИИМ менен УКМКнын атайын багыттагы кызматкерлери куралчан террористти кармоо операциясын жүргүзүшкөн.

Дмитриевкада атайын операция учурунда 1991-жылы туулган Э.Т. аттуу спецназдын жоокери жараткар алып, ага операция жасалган. Кийинчерээк террорист жашынган үйдө 19 турист жашаганы белгилүү болгон.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/12854