Мадумаровду жоопко тартуу боюнча комиссия материалдар менен таанышып жатат
RU

Мадумаровду жоопко тартуу боюнча комиссия материалдар менен таанышып жатат

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

"Бүтүн Кыргызстан" фракциясынын лидери, депутат Адахан Мадумаровду жоопко тартууга байланышкан материалдар менен депутаттардын тобунан турган комиссия таанышып жатат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты, Ыйман Нуру фракциясынын депутат Динара Ашимова kaktus.kg редакциясына маалымдады.

Анын айтымында учурда комиссиянын мүчөлөрү материалдар менен өз алдынча таанышып бүтүшө элек.

"Комиссиянын отуруму өткөн шаршембиде болгон. Депутаттар материал менен өз алдынча таанышып жатат. Материалды аяк-башына чейин тыкыр карап, таанышып чыгышыбыз керек. Ал аз убакытты албайт. Кийинки отурум качан болоорун айта албайм. Себеби, комиссия мүчөлөрү иш менен качан таанышып бүтөт, белгисиз", - деди ал.

Эске салсак, Жогорку Кеңешке башкы прокурор Курманкул Зулушевден Мадумаровду кылмыш жоопкерчилигине тартууга макулдук берүү сунушу түшкөн. Депутатка карата массалык баш аламандыкка даярдануу жана бийликти күч менен басып алуу боюнча берене менен айып коюлуп жатканы айтылган.

Парламент сунушту карап, анын чечимин депутаттардын талкуусуна коё турган комиссия түзгөн.

Мадумаров өз кезегинде бардыгына даяр экенин, атүгүл мүмкүн болгон камоого да даяр экенин билдирген. Депутат Кемпир-Абад боюнча айтылган сындар, казинонун ачылышы жана ММКлар тууралуу жаңы мыйзам Башкы прокуратуранын айыптоосуна негиз болду деп эсептейт.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/12857