Мадумаров камалуу ыктымалдыгы тууралуу: "Мен барына даярмын"
RU

Мадумаров камалуу ыктымалдыгы тууралуу: "Мен барына даярмын"

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Башкы прокуратуранын Жогорку Кеңештин депутаты Адахан Мадумаровду кылмыш жообуна тартуу сунушу боюнча эл өкүлү маалымат жыйын өткөрдү. Ал комментарий берип жатып, барына даяр экендигин айтты.

Айтымында, ал ар дайым Конституцияны сактоону талап кылат.

"36-берене деп айтып жатабы? "Адамдын атайылап кылмыш жасаганга куралдарды же каражаттары издөөсү" дейт. Атаңдын көрү! Ушул өлкөгө 30 жыл деп айткандан бери менден артык Баш мыйзамды бузбагыла деп кыйкырбаган киши жок го дейм. Конституциялык сот дагы менчелик Конституцияга чакырбаса керек. Анан 278-берене - "Массалык башаламандыктар" дейт. Аман эле болушсун. Жараткан бар.

Мен абаны көп жутуп же сууну көп ичип коюп атамбы? Же бишкектин жолдорунда көбүрөөк жөө басып коюп атамбы? Эмне деген дооматы бар?

"Өздөрү Мадумаровду канча сунуш кылдык такыр болбой атат деп айтып атышпайбы, анан кантип мен бийликти күч менен басып алам? Чакырса барбаган жерге күч колдонуп барамбы?", - деди депутат.

Парламентарий бул иш бир гана саясий куугунтук деп баса белгиледи.

"Комитеттин жыйындарында ким эмне дейт өзүңүздөр угуп жүрөсүздөр. Андыктан өзүңүздөр баа бериңиздер", - деп түшүндүрдү ал.

Мадумаров анын камалышы мүмкүндүгү тууралуу да пикирин билдирди.

"Мен барына даярмын. Каалаганын кылышсын. Ар ким бизнес менен, саясат менен алектенсе барына даяр болушу керек", - деди ал.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/12673