Депутат Өмүрбек Бакиров мандатынан ажыратылды
RU

Депутат Өмүрбек Бакиров мандатынан ажыратылды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Жогорку Кеңештин депутаты Өмүрбек Бакиров мандатынан ажыратылды. Бул тууралуу шаардык соттун маалымат кызматы билдирди. Бакиров чечим менен макул болбосо Жогорку Сотко 30 күндүн ичинде кайрылса болот.

Бул чечимди Бишкек шаардык административдик соту чыгарды.

Буга ылайык, № 4 Көк-Жар бир мандаттуу округунда шайлоонун жыйынтыгы тууралуу БШКнын чечими жокко чыкты. Бул аталган округда шайлоо өткөн жок дегенди билдирет. Ошол себептүү Бакиров депутаттык мандатынан ажыратылды.

Эске салсак, 2021-жылдын 28-ноябрында өткөн парламенттик шайлоодо Көк-Жар округунан Бакиров биринчи болуп чыккан. Декабрь айында аталган округдагы тагы бир талапкер Равшан Рыспаев Бакировду "добуш сатып алган" деп Бишкек шаардык административдик сотуна арыз жазган.

Ошондой эле, былтыр ноябрда Өмүрбек Бакиров парламентте УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев менен кайым айтышканы да бар.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/12858