Депутат Өмүрбек Бакировду добуштарды сатып алганга айыпташты
RU

Депутат Өмүрбек Бакировду добуштарды сатып алганга айыпташты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Депутат Өмүрбек Бакировду шайлоодо добуштарды сатып алганга айыпташууда. Бул туурасында депутаттын кесиптеши Дастан Бекешев Telegram-каналына жазып чыкты.

Белгилесек, экс-депутат Равшанбек Рысбаев сотко арыз менен кайрылгандан кийин Бишкектин административдик соту Бакировдун мандат алуусунун мыйзамдуулугун текшермей болгон.

Дастан Бекешев бул маселе шайлоодон кийин дароо чечилиши керек болчу дейт.

"Эгер добуш сатып алуулар болсо анда депутаттыкка талапкерди 1 жыл иштегенден кийин эмес, ошондо эле парламентке киргизбеш керек болчу. Анан дагы ал Кемпир-Абад маселеси боюнча пикирин айткандан кийин эмес. Депутаттык мандатынан ажыратпаш керек. Кийин бул аракет мисал же негиз болуп калышы мүмкүн. Ошондой эле башка депутаттар мандатынан ажыратылып, ыңгайлуу депутаттар келиши ыктымал. Биз көпчүлүктүн унчукпай макул болгонунан ошол абалга баратабыз", - деди ал.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/9603