Баткен менен Лейлек райондорунда 49 ипотекалык үй курулат
RU

Баткен менен Лейлек райондорунда 49 ипотекалык үй курулат

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Баткен менен Лейлек райондорунда 49 ипотекалык үй курулат. Мамлекеттик ипотекалык компания Баткен облустук курулуш жана инженердин инфраструктура башкармалыгы менен 15-июнда кол койду. Бул тууралуу резиденттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнөн маалымдашты.

Белгилүү болгондой, 20 турак үй Баткен районундагы Ак-Сай айыл аймагына, калганы Лейлектеги Кулунду айыл аймагына курулмакчы.

"Курулуш иштери быйыл күзүндө башталып, 2024-жылы пайдаланууга берилет. Мамлекеттик ипотека 25 жылга 4% менен берилет. Бул үйлөрдү турак жайы жок, муктаж жарандар ала алат", - деп айтылат маалыматта.

Үйлөрдүн курулушу быйыл күзүндө башталып, 2024-жылы пайдаланууга берилери кабарланды.

Эске салсак, Баткендеги кагылышта кыйраган 417 үйдүн 416сы курулуп бүттү.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/12942