Эрбол Султанбаев алдамчылар анын атын пайдаланып жатканын эскертти
RU

Эрбол Султанбаев алдамчылар анын атын пайдаланып жатканын эскертти

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Акыркы учурда алдамчылык кылгандардын арасында жогорку кызаматтагы адамдардын атын жамынган фактылар катталууда. Мындай абалга президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев да кабылганын айтып чыкты.

Ал социалдык тармактагы баракчасына жазган билдирүүдө алдамчылардын курмандыктарынын көбү мамлекеттик кызматкерлер экени айтылат.

"Белгисиз бирөөлөр акча каражатын алуу максатында өздөрүн "жогорку кызматтагы адамдарыбыз" деп, анын ичинде менин атымды айтып, өздөрүн президенттин басма сөз катчысы деп тааныштырган телефондук алдамчылык фактылары кайрадан көбөйдү.

Алдамчылардын курмандыктары көбүнчө мамлекеттик кызматкерлер. Аларга телефон чалып, өлкөнүн жогорку жетекчилиги катышат деген сыяктуу ар кандай иш-чараларга чакырып же аларга кызматтан көтөрүүнү сунушташат.

Ишенимге ээ болуу менен шылуундар алдамчылык аркылуу курмандыктарынан акча алышат. Буга байланыштуу биз дагы бир жолу бардык жарандарга, өзгөчө мамлекеттик кызматкерлерге шылуундардын жетегине түшпөй, мындай көрүнүштөр орун алган учурда тез арада укук коргоо органдарына кайрылууну эскертебиз", - деп айтылат.

Эрбол Султабаев учурда компетенттүү органдарга телефон аркылуу алдамчылык кылгандарды ыкчам аныктоо тапшырмасы берилгенин кошумчалады.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/12968