Кайрат Примбердиев чачын сындаган депутатка жооп берди (видео)
RU

Кайрат Примбердиев чачын сындаган депутатка жооп берди (видео)

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Ырчы Кайрат Примбердиев чачына нааразы болгон депутат Кундузбек Сулаймановдун билдирүүсүнө жооп кайтарды.

Белгилей кетсек, Жогорку Кеңештин "Ата Журт Кыргызстан" фракциясынын 16-июндагы жыйынында депутат ырчынын 21-март күнү "Ала-Тоо" аянтында Нооруз майрамына карата концерттеги чачын сындаган.

"Эркек эркектей, аял аялдай болуш керек. Кыргызда мырзалар чачын түйүп, ырдаган эмес. Нооруз мусулмандардын майрамы. Жаштарга эмнени үйрөтөбүз?", - деп нааразы болгон эл өкүлү.

Кайрат Примбердиев "Арча медиага" берген маегинде депутаттын сөзүнө төмөнкүдөй комментарий берди.

"Нооруз мусулмандардын майрамы эмес. Ошондой эле байыркы заманда кыргыз жигиттери, анын ичинде жоокерлер чачын өрүп, төбөөсүнө байлап жүрүшчү. Алар ошондой эле денени ар кандай оймо-чиймелер менен боёчу. Тарыхый документтерде көрсөтүлгөндөй, жоокерлер мындай образды душмандарын коркутуу үчүн колдонушкан", - деди ал.

Ырчы депутатты жыйында сүйлөөрдөн мурун жакшылап даярданууга жана тарыхты изилдөөгө чакырды. Ошондой эле, Примбердиев белгилегендей, ырчынын чач жасалгасы эл өкүлдөрү Жогорку Кеңештин дубалында талкуулай турган тема эмес, анткени андан да маанилүү жана курч маселелер бар.

"Жогорку Кеңеш жарандардын, ырчылардын чач жасалгасын, чачынын узундугун, кийимдерин талкуулай турган жер эмес. Суу ресурстарына бай Кыргызстан жайкысын суусуз калды, кышында жарандарыбыз үшүп, ооруп калат, смог. Мына ушул темалар талкууга арзыйт. Же, мисалы, канчалаган жарандарыбыз жергиликтүү ооруканаларда жабдыктардын жоктугунан Түркияга, Индияга кымбат операция жасатууга аргасыз болуп жатышат. Балдардын операциянын акча жетпей ата-энелер жардам сурап калган учурлар көп кездешет. Мен бир эмес бир нече жолу ушундай кайрымдуулук концерттерге катыштым. Же,мисалы,мектеп,бала бакчалар жетишсиз. Депутаттар ушул маселелерди талкуулашсын. Менин чачым менин көйгөйүм. Эч кимди кызыктырбашы керек", - деди ырчы.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/12979