"Кыргыздын жигиттери чачын түйүп алып ырдабайт". Депутат чачы узун ырчы мырзаны сындады
RU

"Кыргыздын жигиттери чачын түйүп алып ырдабайт". Депутат чачы узун ырчы мырзаны сындады

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

16-июндагы "Ата-Журт Кыргызстан" парламенттик фракциясынын жыйынында депутат Кундузбек Сулайманов Маданият министрлиги ырчылардын кийим-кече, чач жасалгаларына көңүл бурбайт деп сынга алды.

Ал Ала-Тоо борбордук аянтта өткөн "Нооруз" майрамында чачын түйүп, ырдап чыккан мырзаны (Кайрат Примбердиев -ред. Кактус) мисал кылып, кыргыз жигиттери чачын түйүп алып ырдабайт деп билдирди.

"Нооруз майрамында койгон концертиңерди барып көрдүк. Мындай биздин ата-бабаларыбызда болгон эмес. Кыргыздын жигиттери чачын түйүп чыгып, концертте чыгып ырдайт деген болгон эмес. Аялдын аялдай - эркектин эркектей орду болгон. Бизди дүйнө жүзү көрүп атат. "Нооруз" деген - мусулман өлкөлөрдүн майрамы. Силерде концерт берүү тармагын ким тейлейт? Ошолорду бир карап койсоңор боло? Уят да ушу? Айткандын оозу, ыйлагандын көзү жаман деп, биз көңүл бурбагандан болдуп атат. Ансыз деле жаштарыбызды интернеттен алыстата албай жатсак, минтип эл алдында таанымал адамдар чыгып...", - деди ал.

Эл өкүлү 1-июнда ошол эле борбордук аянтта балдар үчүн уюшулган майрамдык салтанатты да сынга алды.

"Кечээки берген майрамыңардан аябай мактоо угуп жатасыңарбы? Мына, майрамдан кийин комментарийлерге кирип, окуп көрүңүзчү. "Мен мындан кийин аянтка барып, концерт көрбөйм" деген акындар чыгып атат. Улуттук баалуулуктар өнүкмөйүнчө өлкө өнүкпөйт. Ошол баалуулуктардын бири силерсиңер!", - деди ачууланып Сулайманов.

Эске салсак, "Нооруз" майрамына арналган аянттагы иш-чарада чачын түйүп ырчы Кайрат Примбердиев ырдаган.

Ал эми 1-июнда ошол эле борбордук аянтта балдар үчүн майрам тартууланып, "D Billions" тобу алгачкы концертин берген.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/12943