Нефтебазадагы ири өрттөн 4 адам жабыркады. Бири оор абалда
RU

Нефтебазадагы ири өрттөн 4 адам жабыркады. Бири оор абалда

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 20-июнда Чүйдүн Шопоков шаарында мунай базада 1 цистерна жарылып, өрт чыкты. Чүй облусунун саламаттыкты сактоо координатору Бактыгүл Мамытованын алдын ала маалыматы боюнча, жарылуунун кесепетинен 4 адам жабыркаган.

Белгилүү болгондой, ар кандай даражадагы күйүк алган төрт жабырлануучу "Тез жардам" кызматы менен Сокулук районунун Жалпы дарыгердик практикалык борборуна жеткирилди.

Жабырлануучулардын бири оор абалда жандандыруу бөлүмүнө, үчөө травматология бөлүмүнө жаткырылды (экөө орточо, бирөө канааттандырарлык абалда).

Бейтаптарга керектүү дары-дармек, кан компоненттери жетиштүү көлөмдө бар. Санавиация аркылуу Бишкек шаарынан комбустиолог менен бирге бригада жиберилди. Жеринде "Тез жардам" бригадасынан үчөө иштеп жатат.

Белгилесек, Өзгөчө кырдаалдар министрлиги нефтебазадан чыккан өрттү өчүрүүгө 8 күжүрмөн эсеп тартылганын билдирди.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/13002