Бүгүндөн баштап "Салык чек" лотереясынын байгелери ойнотула баштайт
RU

Бүгүндөн баштап "Салык чек" лотереясынын байгелери ойнотула баштайт

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Мамлекеттик салык кызматынын "Чек талап кыл – байге утуп ал!" лотереясы бүгүн, 26-июндан баштап байгелерди ойното баштайт. Утуштар саат 14:00дө Салык кызматынын Facebook жана YouTube баракчаларынан түз эфир аркылуу ойнотулат.

Оюндун биринчи этабында 1183 баалуу байге: 10 электромобиль, Дубайга эки кишилик 3 жолдомо, 500 iPhone-14, 500 смартфон, 150 ноутбук жана 20 Dyson бар.

26-июндан 30-июнга чейин 1170 утуштун тираждары Салык кызматынын Facebook баракчасында жана YouTube каналында түз эфирде көрсөтүлөт. Күн сайын 234 адам баалуу байгелердин ээлери болушат.

Негизги иш-чара 1-июлда "Ала-Тоо"аянтында өтүп, анда супер байгелер – он электромобиль жана чет өлкөгө жолдомолор ойнотулат.

Лотерея оюну кызыктуу шоу-программа жана эстрада жылдыздарынын катышуусундагы чоң концерт менен коштолот. Аянттагы көрүүчүлөргө жагымдуу белектер берилет дешет Салык кызматынан.

Белгилесек, оюндун экинчи тиражы ушул жылдын 30-декабрында болот.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/13008