Кайрат Примбердиев: Биздин саясатчылардын көбү хайп аркылуу атын чыгарышат (маек)
RU

Кайрат Примбердиев: Биздин саясатчылардын көбү хайп аркылуу атын чыгарышат (маек)

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Кайрат Примбердиев дарегине карата айтылган акыркы сынга байланыштуу Kaktus.kg сайтына маек курду. Ырчы чач жасалгасын сындаган кабарды доторунан укканын, биринчи реакциясы кандай болгонун айтып берди.

Саясатчылардын көбү хайп аркылуу атын чыгарышат

Досторум WhatsApp`тагы группабызга пабликтерге чыккан кабарларды жөнөтүп коюптур. Көрүп алып күлдүм. Андан кийин видеосун көрүп чыгып, байкебиз адашып жатат дедим. Ноорузду мусулмандардын майрамы, дүйнө жүзү бизди карап отурат дептир. Бүткүл дүйнө бизди карап отурганы жакшы ниет. Бирок андай эмес да. Ойлонуп алып анан айтса болмок деп койдум. Атын чыгарыш керек болуп жаткан го деп ойлодум. Биздин саясатчылардын көбү хайп аркылуу атын чыгарышат эмеспи. Комментарийлерди окусам колдонуучулар шылдыңдап жатышыптыр. Бүгүн жакшы күн болот экен деп күлүп койдум.

Жогорку Кеңеш жарандардын чачын кеп кыла турчу жай эмес. Канча миңдеген шайлоочу депутатты үнүбүздү, көйгөйүбүздү жеткир деп шайлап, ишеним арткан. Бул жерде депутат шайлоочуларын уят кылып жатат.

Депутаттын сынынан кийин элдин колдоосуна ыраазы болдум

Элибизге аябай ыраазы болдум, ырасында эле акылман. Колдоп кетишти. Көбүнүн депутаттын сынына каршы ой-пикирлери окшош болду. "Анын чачын эмне кылат? Суу көйгөйүн чечпейби?!" дешти. Интернет колдонуучулар толгон-токой маселелерди жазышып, анда эмнеге добуш бердик эле дешкенде ыраазы болдум. Арасында "эркек эркектей эле болбойбу, чачын эмне өстүрүп алган" дегендер чыкты. Чачы узун болсо эле эркектик сапаты, сыпаты кетип калат дегендерге таң калам, логикам жетпейт.

Элдин көңүлүн башка жакка буруп турушат

Депутаттардын менин чач жасалгама асылганы, россиялык рэпер Моргенштерндин концертин өткөрүүгө тыюу салуусу - Бишкектин Арча-Бешик конушундагы суу маселесинен элдин көңүлүн буруу максатында жасалды деп ойлойм. Толтура көйгөйлөр бар, эл аны козгоп баштаса ага жообу жок, даяр эмес. Ошондон улам элдин көңүлүн башка жакка буруп турушат. Таарынбайлы бири-бирибизге, бирок биз ушакчы калкпыз. Жеке маселелерди баса калабыз.

Образымды өзгөртпөйм

Жашоо аябай кыска. Өмүрүң өткөнчө эле бирөөлөрдүн айтканы менен жашай берсең, өлөр алдында "өзүм каалагандай жашабай калыптырмын" деп кейийт болушуң керек. Мен ойлойм, сенин каалоолоруң мыйзамдын чегинен ашпаса, эреже, тартипти бузбаса өзүңдүн оюңдагыдай жаша. Сындар айтылса да образымды өзгөртпөйм.

Бир да саясатчыны колдобойм

Менин идеологиям, ой-жүгүртүүм социал-демократтарга жакын болгондуктан 2017-жылы президенттик шайлоодо Сооронбай Жээнбековду колдогом. Пандемияда аткарган иштери кызыктай эле көрүндү. Ишенимди актаган жок да. Ошондо өкүнүчүмдү Instagram баракчама "мындан кийин бир да саясатчыны колдобойм, добуш бергиле деп айтпайм" жазгам. Экинчи бирөөнү мактабайм, буга чейин мактап айтсам кечирим сурайм, бирөө да ишенимге татыктуу эмес экен дегем. Азыр баа эле берип, оюмду билдирип турам. Туура көйгөйдү айткан депутаттар болсо колдоо сөзүмдү жазып коём. Эгер сын айтыла турган болсо сындайм.

Белгилей кетсек, Жогорку Кеңештин "Ата-Журт Кыргызстан" фракциясынын 16-июндагы жыйынында депутат Кундузбек Сулайманов Нооруз майрамына карата өткөн концертке катышкан Кайрат Примбердиевдин чачын сындаган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/13013