Мадумаровду жоопко тартуу боюнча комиссиянын иши. Эртең чечим кабыл алынышы мүмкүн
RU

Мадумаровду жоопко тартуу боюнча комиссиянын иши. Эртең чечим кабыл алынышы мүмкүн

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Парламент эртең, 22-июнда Адахан Мадумаровду депутаттык мандатынан ажыратуу чечимин кабыл алышы мүмкүн. Бул тууралуу Kaktus.media сайтына Жогорку Кеңештин депутаты Исхак Масалиев билдирди.

Анын айтымында, депутаттар бул маселени пленардык жыйында кароого шашып жатышат.

"Комиссия азыр катардагы жыйын өткөрүүдө. Алар жыйынтык чыгарабыз, эртең палатада карайлы деп жатышат. Анткени, кийинки жумада Курман айт, депутаттар аймактарга чыгып кетиши мүмкүн. Ачык айтканда, жыйын формалдуу. Кожоюндар кандай буйрук берсе, депутаттар ошондой чечим кабыл алат", - деди Масалиев.

Эл өкүлү "кесиптештерим өздөрүн бир аз жоготкондой болуп турат" деп баса белгиледи.

Белгилей кетсек, бүгүн, 21-июнда Адахан Мадумаровду депутаттык мандатынан ажыратуу боюнча депутаттык комиссиянын жыйыны өтүүдө.

Эске салсак, Жогорку Кеңешке Курманкул Зулушевден Мадумаровду кылмыш жоопкерчилигине тартууга макулдук берүү сунушу түшкөн. Кылмыш иши массалык баш аламандыкка даярдануу жана бийликти күч менен басып алууга шектелип козголгон.

Парламент сунушту карап, анын чечимин депутаттардын талкуусуна коё турган комиссия түзгөн.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/13018