Адахан Мадумаров комиссиянын чечими боюнча комментарий берди
RU

Адахан Мадумаров комиссиянын чечими боюнча комментарий берди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Адахан Мадумаровду кылмыш жоопкерчилигине тартуу боюнча Башкы прокуратуранын сунушунан кийин түзүлгөн депутаттык комиссия өз ишин жыйынтыктады. Комиссиянын алдын ала чечими боюнча депутат комментарий берди.

"Бул күтүлгөн чечим. Көрөбүз. Комиссиянын добуш берүүсүнүн жыйынтыгын дээрлик билем... Алар ушундай жабык режимде иштешет... Мындай өлкөдө бул абалды болжолдоо мүмкүн эмес", - деди Адахан Мадумаров.

Депутат парламенттин макулдугунан кийин анын камалышы мүмкүндүгү боюнча да пикирин кошумчалады.

"Биз мыйзам менен эмес, түшүнүк менен жашаган мамлекетпиз. Адамдарга ар кандай мамиле жасалат. Кандай буйрук бкрилсе, ошондой чечим кабыл алынат. Былтыр башкы прокурордун сунушун ийне-жибине чейин иликтеп чыгып, депутаттар бир добуштан каршы добуш беришкен. Бул комиссия акылдуураак же профессионалдуураак. Жыл ичинде эмнелер өзгөрдү, бул дагы чоң суроо", - деп белгиледи Мадумаров.

Эске салсак, Жогорку Кеңешке Курманкул Зулушевден Мадумаровду кылмыш жоопкерчилигине тартууга макулдук берүү сунушу түшкөн. Депутатка карата кылмыш иши массалык баш аламандыкка даярдануу жана бийликти күч менен басып алуу боюнча шектелип жатат.

Мындан улам, парламент сунушту карап, анын чечимин депутаттардын талкуусуна коё турган комиссия түзгөн.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/13028