Анжеликанын Алга Кылычовго каршы доосу. Сот ишти кароосуз калтырды
RU

Анжеликанын Алга Кылычовго каршы доосу. Сот ишти кароосуз калтырды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 23-июнда Ленин райондук сотунда ырчы Анжеликанын Алга Кылычовго каршы жазган доо арызы боюнча отурум болду. Сот айыпталуучу тараптын өтүнүчүн канааттандырып, ишти кароосуз калтырды.

Алга Кылычов Kaktus.kg сайтына маалымдагандай, жактоочусу Жанатбек Гульжигитов мамлекеттик алым төлөнбөгөндүктөн Анжеликанын доо арызын канааттандыруудан баш тартуу боюнча өтүнүч келтирген. "Судья биздин өтүнүчүбүздү канааттандырып, мамлекеттик алым төлөнбөгөнү үчүн Анжеликанын доо арызын канааттандыруусуз калтырды. Эгер алым төлөнбөсө алардын талабын сот карабайт", - деди Кылычов.

Ал эми ырчынын жактоочусу редакциябызга соттук отурум болгонун ырастап, процесс 5-июлга жылдырылганын айтты.

"Алга Кылычов жаңы адвокат дайындаптыр, юрист иш менен тааныша элек экен. Ошондой эле мамлекеттик алым төлөнбөй калган, ошону төлөп коюш керек. Башка себеп жок", - деди адвокат.

Бирок Жанатбек Гульжигитов ырчынын жактоочусу айткан "иш менен тааныша элек экен" дегенини четке кагып, буларга токтолду.

"Доо арызда 10 талап коюлган экен. Бирок 1000 сом мамлекеттик алым төлөнүптүр. Мен аны байкап калып, сотко өтүнүч келтирдим (бир талапка 700 сомдон төлөнөт). Мамлекеттик алым төлөнгөндө гана иш каралышы керек. Судья биздин өтүнүчүбүздү канааттандырып, тиги тарапка 5-июлга чейин убакыт берди. Эгерде мамлекеттик алым төлөнбөсө доо арыз кайтарылып, кароосуз калат", - дейт Гульжигитов.

*****

2022-жылы Алга Кылычов "Дөө Чыӊгыз" (Чынгыз Жумагулов) каймана аттуу кримавторитеттин өлүмүнө Анжеликанын түздөн-түз тиешеси бар" деп өзүнүн Facebook`тагы баракчысы аркылуу айткан. Бул билдирүүдөн кийин Анжелика Кайратова Алга Кылычовду сотко берип, 10 миллион сом доо койгон.

Биринчи соттук отурум 7-декабрга белгиленип, анда эки себептен улам ишти кароо кийинкиге жылдырылган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/13052