Песков: "Пригожин Белоруска кетет. Ага козголгон кылмыш иш токтотулду"
RU

Песков: "Пригожин Белоруска кетет. Ага козголгон кылмыш иш токтотулду"

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Россиянын президентинин маалымат катчысы Дмитрий Песков эмне үчүн Лукашенко Пригожин менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөнүн түшүндүрдү. Бул тууралуу Илья Варламов Telegram каналында маалымдады.

"Александр Григорьевич Лукашенко Пригожин менен 20 жылдан бери жеке тааныш. Ал менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү Лукашенконун жеке сунушу болчу.

Пригожинге каршы кылмыш иши токтотулат, ал "Беларуска кетет".

"Вагнер" жеке аскердик тобунун жоокерлери талаа лагерлерине кайтышат, алардын "фронттогу сиңирген эмгегин эске алуу менен" мыйзам боюнча жоопко тартылбайт", - деп жазылган маалыматта.

Эске салсак, 24-июнда кечинде "Вагнер" жеке аскердик тобунун жетекчиси Евгений Пригожин Москвадан чегингендигин билдирген.

Окуя тууралуу кыскача:

  • 23-июнда "Вагнер" жеке аскердик компаниясынын негиздөөчүсү Евгений Пригожин Коргоо министри Сергей Шойгу өзү уруксат берген вагнерчилердин лагерлерине ракеталык соккулар жасалганын жарыялаган (министрлик өзү муну четке кагат). Ошондон кийин Пригожин "адилеттик маршын" баштоону убада кылган, муну көпчүлүк аскерий төңкөрүш аракетинин коркунучу катары кабыл алган. Мындан улам Россиянын Федералдык коопсуздук комитети "Вагнердин" башчысы Пригожинге кылмыш ишин козгогон.
  • Андан соң Пригожин Ростов-на-Дону шаарын алганын, Москвага бара турганын билдирген.
  • Россиянын президенти Пригожиндин аракетин "чыккынчылык" деп атаган.
  • Пригожиндин Ростов-на-Дону шаарын басып алганы тууралуу маалыматты уккандан кийин Путин "өлкөнү коргоо үчүн болгон аракетин жумшай турганын" убадалаган.
  • Көп өтпөй Россия бийлиги "Вагнерге" тийиштүү сайттарды бөгөттөй баштаган.
  • Ал ортодо Россия бийлиги Лукашенко менен кабарлашып, Лукашенко Пригожин менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн.
  • Бул учурда Пригожин Москвага жакындап калганын билдирген. Бирок көп өтпөй Лукашенко менен болгон сүйлөшүүлөрдөн кийин Пригожин артка чегингенин жарыялаган.
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/13082