Путин Лукашенкого жасаган иштери үчүн ыраазычылык билдирди
RU

Путин Лукашенкого жасаган иштери үчүн ыраазычылык билдирди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Белорустун президентинин маалымат кызматы Россиянын президенти Владимир Путин Александр Лукашенкого ыраазычылык билдиргенин маалымдады.

"Россиянын президенти белорусь кесиптешине жасаган иштери үчүн колдоо көрсөтүп, ыраазычылык билдирди", - деп айтылат билдирүүдө.

Эске салсак, 24-июнь кечинде "Вагнер" жеке аскердик тобунун жетекчиси Евгений Пригожин Москвадан чегингендигин билдирген.

Пригожиндин мындай аракети Белорусь президенти Лукашенко менен күн бою сүйлөшүүсүнөн кийин кабыл алынганы айтылган. Бирок кандай келишим, кандай шартта "вагнерчилер" артка чегингенин Россия бийлиги ачыктай элек.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/13080