Зеленский: "Дүйнө Россиянын кожоюндары эч нерсени көзөмөлдөбөй турганын көрдү"
RU

Зеленский: "Дүйнө Россиянын кожоюндары эч нерсени көзөмөлдөбөй турганын көрдү"

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Украинанын президенти Владимир Зеленский Путин Кремлде канчалык көп болсо, кырсыктар ошончолук көп болорун айтты. Бул тууралуу "Америка үнү" жазды.

Украинанын президенти Владимир Зеленский Пригожиндин козголоңу Кремль Россиянын ичиндеги кырдаалды көзөмөлдөбөй турганын көрсөттү деди.

"Дүйнө Россиянын кожоюндары эч нерсени көзөмөлдөбөй турганын көрдү. Жөн эле баш аламандык. Алдын ала эч нерсеге даярдыктын жоктугу", - деди ал.

Украин лидеринин айтымында, Кремль бир күндө бир нече миллиондук шаарлардан ажырап, "бардык россиялык бандиттерге, жалданма аскерлерине, олигархтарына жана башкаларга орус шаарларын курал-жарак менен басып алуу канчалык оңой экенин көрсөттү".

Ал кошумчалагандай, украиндер өз өлкөсүн жана эркиндигин коргоону уланта берет.

"Биз унчукпай карап турбайбыз. Биз кантип жеңүүнү билебиз жана ал жеңиш сөзсүз болот. Бул согушта биздин жеңишибиз талашсыз болот", - деп баса белгиледи Владимир Зеленский.

Окуя тууралуу кыскача:

  • 23-июнда "Вагнер" жеке аскердик компаниясынын негиздөөчүсү Евгений Пригожин Коргоо министри Сергей Шойгу өзү уруксат берген вагнерчилердин лагерлерине ракеталык соккулар жасалганын жарыялаган (министрлик өзү муну четке кагат). Ошондон кийин Пригожин "адилеттик маршын" баштоону убада кылган, муну көпчүлүк аскерий төңкөрүш аракетинин коркунучу катары кабыл алган. Мындан улам Россиянын Федералдык коопсуздук комитети "Вагнердин" башчысы Пригожинге кылмыш ишин козгогон.
  • Андан соң Пригожин Ростов-на-Дону шаарын алганын, Москвага бара турганын билдирген.
  • Россиянын президенти Пригожиндин аракетин "чыккынчылык" деп атаган.
  • Пригожиндин Ростов-на-Дону шаарын басып алганы тууралуу маалыматты уккандан кийин Путин "өлкөнү коргоо үчүн болгон аракетин жумшай турганын" убадалаган.
  • Көп өтпөй Россия бийлиги "Вагнерге" тийиштүү сайттарды бөгөттөй баштаган.
  • Ал ортодо Россия бийлиги Лукашенко менен кабарлашып, Лукашенко Пригожин менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн. Бул учурда Пригожин Москвага жакындап калганын билдирген.
  • Бирок көп өтпөй Лукашенко менен болгон сүйлөшүүлөрдөн кийин Пригожин артка чегингенин жарыялаган.
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/13083