Пригожинге козголгон иш токтотулбаганы айтылды
RU

Пригожинге козголгон иш токтотулбаганы айтылды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Куралдуу көтөрүлүш уюштурганы үчүн "Вагнер" жеке аскердик тобунун жетекчиси Евгений Пригожинге каршы кылмыш ишин козгоо токтогон жок. Бул тууралуу Россия Федерациясынын Башкы прокуратурасындагы маалымат булактар билдиргенин РИА Новости жазды.

"Пригожинге каршы кылмыш ишин козгоо токтотулган жок", - деп айтылат маалыматта.

Эске салсак, 24-июнда Пригожин артка чегингенде Россия бийлиги ага кылмыш ишин козгоо токтотулары, "Вагнерчилердин" тобунда жүргөн жалданма аскерлер кааласа Россиянын Федералдык коргоо органдары менен келишим түзсө болору айтылган эле.

Окуя тууралуу кыскача:

  • 23-июнда "Вагнер" жеке аскердик компаниясынын негиздөөчүсү Евгений Пригожин Коргоо министри Сергей Шойгу өзү уруксат берген вагнерчилердин лагерлерине ракеталык соккулар жасалганын жарыялаган (министрлик өзү муну четке кагат). Ошондон кийин Пригожин "адилеттик маршын" баштоону убада кылган, муну көпчүлүк аскерий төңкөрүш аракетинин коркунучу катары кабыл алган. Мындан улам Россиянын Федералдык коопсуздук комитети "Вагнердин" башчысы Пригожинге кылмыш ишин козгогон.
  • Андан соң Пригожин Ростов-на-Дону шаарын алганын, Москвага бара турганын билдирген.
  • Россиянын президенти Пригожиндин аракетин "чыккынчылык" деп атаган.
  • Пригожиндин Ростов-на-Дону шаарын басып алганы тууралуу маалыматты уккандан кийин Путин "өлкөнү коргоо үчүн болгон аракетин жумшай турганын" убадалаган.
  • Көп өтпөй Россия бийлиги "Вагнерге" тийиштүү сайттарды бөгөттөй баштаган.
  • Ал ортодо Россия бийлиги Лукашенко менен кабарлашып, Лукашенко Пригожин менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн.
  • Бул учурда Пригожин Москвага жакындап калганын билдирген. Бирок көп өтпөй Лукашенко менен болгон сүйлөшүүлөрдөн кийин Пригожин артка чегингенин жарыялаган.
  • Ошол эле күнү кечинде РФ лидеринин маалымат катчысы Дмитрий Песков Пригожин Беларуска кетип, кылмыш иши токтотуларын билдирип, буга Россия президентинин сөзү кепил экенин да айткан.
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/13100