Россияда 6 адамдын өмүрүн алган автокырсык катталды. Арасында кыргыздар бар экени айтылды
RU

Россияда 6 адамдын өмүрүн алган автокырсык катталды. Арасында кыргыздар бар экени айтылды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Россиянын Самара облусунда 6 адамдын өмүрүн алган жол кырсыгы катталды. Арасында кыргызстандыктар бар экенин РИА Новости жазат.

Маалыматка караганда, жергиликтүү убакыт боюнча саат 01:30 чамасында (Бишкек убактысы боюнча 03:30) А-300 унаа жолунун 109-чакырымында Honda Stepwgn менен Hyundai Elantra унаалары сүзүшүп, анын кесепетинен 6 адам каза тапты. Дагы 8 адам ар кандай жаракаттар менен ооруканага жеткирилди.

Өзгөчө кырдаалдар кызматынын алдын ала маалыматы боюнча кырсыктан каза болгондор жана жабыркагандар Өзбекстан менен Кыргызстандын жарандары.

"Кыргызстандык жаран айдап бара жаткан Hyundai унаасы Россия Федерациясынын чегинен тышкары катталган Honda менен кагышкан. Алдын ала маалымат боюнча, кырсык Hyundai үлгүсүндөгү унаанын каршы тилкеге ​​чыгып кеткенинен улам болгон. Кырсыктан улам жеңил унаанын айдоочусу жана төрт жүргүнчү – бардыгы башка өлкөнүн жарандары – каза болушкан. Ал эми Stepwgnдун бир жүргүнчүсү да окуя болгон жерде каза болгон, айдоочу жана жети жүргүнчү учурда медициналык жардам алууда", - деп айтылат маалыматта.

Кырсык боюнча прокуратура иликтөө иштерин баштаганы маалым болду.

Башкы беттеги сүрөт архив: www.ria.ru.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/13106