5 кыргызстандык жаракат алды. Элчилик Россиядагы массалык мушташ боюнча маалымат таратты
RU

5 кыргызстандык жаракат алды. Элчилик Россиядагы массалык мушташ боюнча маалымат таратты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Россиядагы Ковыктин кенинде Кыргызстан менен Тажикстандан барган жүздөгөн мигранттардын катышуусунда массалык мушташ чыкканы кабарланган. Кыргызстандын Россиядагы элчилиги чыр-чатактан 5 кыргызстандык жаракат алганын кабарлады.

Маалыматта айтылгандай, 23-июнда Россиянын Жигалов районундагы ишканада кыргыз, тажик жарандарынын ортосунда турмуштук шарттан улам жаңжал чыгып, 500дөн ашык адам катышкан.

Элчиликтин канцеляриясы жабыркагандар менен ыкчам байланыш түздү. Кыргыз Республикасынын 5 жараны ар кандай деңгээлдеги жаракаттарды алып, алардын бири ооруканага жаткырылды. Бул факты боюнча Россия Федерациясынын укук коргоо органдары тарабынан ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Элчиликтин Иркутск шаарындагы кеңсесинин консулу кыргыз жарандарына консулдук-укуктук жардам көрсөтүү жана жергиликтүү укук коргоо органдарынын өкүлдөрү менен жолугушууларды өткөрүү үчүн окуя болгон жерге барган.

Бул маселе элчиликтин көзөмөлүндө.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/13097