Эртең Бишкектеги Чүй проспектисине убактылуу чектөө кирет
RU

Эртең Бишкектеги Чүй проспектисине убактылуу чектөө кирет

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкек шаардык мэриясы эртең, 1-июлда Чүй проспектисинин бир бөлүгү жабыларын маалымдайт. Мекеменин маалыматы боюнча, ал күнү "Ала-Тоо" аянтында "Чек талап кылып – байге утуп ал!" лотереясынын башкы утуштары ойнотулат.

10 электромобиль жана чет өлкөгө 3 жолдомонун ээлери аныкталат.

Иш-чарага байланыштуу саат 18:00дөн 00:00гө чейин Чүй проспектисинин Панфиловдон Эркиндик бульварына чейинки бөлүгү унаа кыймылы үчүн жабылат.

"Урматтуу шаардыктар! Келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайбыз жана маршрутуңузду алдын ала пландаштырып алууну суранабыз", - дешти мэриядан.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/13113