Футболчу Мирлан Мурзаев "Ханой" клубу менен келишим түздү
RU

Футболчу Мирлан Мурзаев "Ханой" клубу менен келишим түздү

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргызстандын Улуттук курама командасынын вице-капитаны жана бомбардири Мирлан Мурзаев Вьетнамдын жогорку лигасындагы "Ханой" футбол клубу менен келишим түздү. Маалыматты Кыргыз футбол союзунан билдиришти.

Мурзаев мурдагы сезондо "Мохаммедан" ФК үчүн Индия чемпионатында ойногон, анда 11 беттеш өткөрүп, 2 гол киргизип, 3 голдук пас берген.

Кыргыз Республикасынын Улуттук курамасындагы дебюту 2009-жылдын 28-мартында Непал менен болгон беттеште болгон. Ал Улуттук курамада 59 беттеш өткөрүп, 16 гол киргизген.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/13126