Гүлжигит Алыкулов "Кайрат" футбол клубунан кетти
RU

Гүлжигит Алыкулов "Кайрат" футбол клубунан кетти

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргызстандык футболчу Гүлжигит Алыкулов Казакстандын "Кайрат" клубунан кетти. Бул тууралуу алматылык клубга шилтеме берүү менен бир катар казак басылмалары жазышты.

Андагы маалыматта тараптардын өз ара макулдашуусу менен келишим токтотулганы, оюнчуга компенсация төлөнгөнү айтылат.

Ал эми Гүлжигит Алыкулов социалдык тармактагы баракчасына клубдан кеткенин ырастап, коштошуу билдирүүсүн калтырган.

"Бардыгы үчүн рахмат, "Кайрат"! 2,5 жылдын ичинде мени менен болгон атмосфера ар дайым эсимде калат. Күйөрмандарыбызга жана командалаштарыбызга ыраазычылык билдирем!", - деп жазды ал.

Эске салсак, 2020-жылдын 28-январында Кыргызстандын курама командасынын жарым коргоочусу Гүлжигит Алыкулов "Кайрат" (Алматы, Казакстан) клубу менен келишим түзгөн. Контракт "2+1" схемасы менен түзүлгөн. Бул контракт эки жылга түзүлүп, дагы бир жылга узартылышы мүмкүн, дегенди билдирет.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/12195