Казакстан Кыргызстан жана Өзбекстан менен суу келишимин өзгөртүүгө ниеттенүүдө
RU

Казакстан Кыргызстан жана Өзбекстан менен суу келишимин өзгөртүүгө ниеттенүүдө

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Казакстан Кыргызстан жана Өзбекстан менен Сырдарыя дарыясынын бассейниндеги суу-энергетикалык ресурстарды биргелешип пайдалануу боюнча келишимди кайра карап чыгууга ниеттенүүдө. Бул туурасында Казакстан Республикасынын 2023-2029-жылдарга суу ресурстарын башкарууну өнүктүрүү Концепциясында айтылат.

Документте келишимге 1998-жылы кол коюлганы белгиленген. Ал эми азыр Казакстандагы суу ресурстарын башкаруу системасын өнүктүрүү боюнча иштин алкагында 2023-жылдын аягына чейин аны кайра карап чыгууну пландалып жатат.

Чек арадагы суу объектилери боюнча келишимге кол коюунун алдында казак бийлиги сүйлөшүү процессин камсыздоо боюнча усулдук жана илимий-аналитикалык иштерди жүргүзүүнү көздөп жатат. Бирок конкреттүү маалымат айтылган эмес.

Ошондой эле 2025-жылдын аягына чейин Казакстан Чу-Талас чек аралык бассейниндеги мамлекеттер аралык суу мамилелерин математикалык жана компьютердик моделдөө аркылуу жакшыртуу планын иштеп чыгууну пландаштырууда.

Эске салсак, Сырдарыя Нарын менен Карадарыя дарыяларынын кошулушунан пайда болот. Сырдарыя бассейнинде беш суу сактагыч курулган. Сырдарыя бассейни Кыргызстандын, Өзбекстандын, Тажикстандын жана Казакстандын аймагында жайгашкан.

Башкы беттеги сүрөт иллюстрациялык: vsegda-pomnim.com.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/13151