Казакстан Камбар-Ата-1 ГЭСинин курулушуна 300 миллион доллар бөлүүгө ниеттенип жатат
RU

Казакстан Камбар-Ата-1 ГЭСинин курулушуна 300 миллион доллар бөлүүгө ниеттенип жатат

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Камбар-Ата-1 ГЭСи курулгандан кийин Казакстан Кыргызстандан жашыл энергия алып, Казакстандын түштүгүндөгү электр энергиясынын тартыштыгын жаба алат. Бул тууралуу бүгүн, 6-апрелде энергетика тармагындагы эксперт, Казакстандын Энергетика министрлигинин коомдук кеңешинин мүчөсү Алмаз Абилдаев билдирди.

Анын айтымында, Камбар-Ата-1 ГЭСинин курулушу Кыргызстандын, Казакстандын жана Өзбекстандын энергетикалык коопсуздугун да камсыздайт.

"Эгер жаңылбасам, бул ГЭСтин кубаттуулугу 1,9 Гигаватт болушу керек. Бул Кыргызстандын өзүнүн көптөгөн энергетикалык көйгөйлөрүн чечмек. Анткени, өлкө өзү электр энергиясын Казакстандан көп сатып алат. Ал эми эксперттер анын курулушу көптөгөн жумуш орундарын түзөт – ал мультипликативдик эффект", - деди ал.

Абилдаев Казакстан долбоордун курулушуна 300 миллион доллар бөлүүнү көздөп жатканын кошумчалады.

"Келишимдин өзү жана кандай шарттарда түзүлөрү азырынча сүйлөшүлө элек. Болгону жумушчу жол картасы бар. Белгилүү болгондой, биринчи кезекте инвестицияны кайтарып алуу жана 50%дан кем эмес сатып алуу боюнча кепилдик керек", - деп кошумчалады ал.

Белгилей кетсек, буга чейин министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров Кыргызстан, Казакстан жана Өзбекстан Камбар-Ата ГЭС-1ди куруу маселесин иликтей баштаганын билдирген. Ал долбоордун техникалык-экономикалык негиздемесин иштеп чыгуу Евразия өнүктүрүү банкы менен биргеликте жүргүзүлөрүн белгилеген.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/11401