Президент инвесторлорго тоскоолдук кылгандар менен жеке өзү эсептешерин эскертти
RU

Президент инвесторлорго тоскоолдук кылгандар менен жеке өзү эсептешерин эскертти

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 30-июнда Ысык-Көл облусундагы Асман шаарынын курулушунун башталышына мезгил кутусун салуу аземи өттү. Иш-чарага чет элдик инвесторлор, курулуш компаниялардын өкүлдөрү жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү катышты.

Садыр Жапаров белгилегендей, мамлекет тарабынан инвесторлорго жер тилкелери бөлүндү.

"Мамлекет тарабынан 100% кепилдик берилип жатат. Долбоорго акчасын салган инвесторлорду мамлекет өзгөчө коргоого алат деп ишенимдүү кепилдик бере алам.

Урматтуу инвесторлор, мамлекеттин берген кепилдиги менен тынчсызданбай, долбоорду ийгиликтүү ишке ашырууга максат коюп, курулуш иштерин ыкчам баштай берсеңиздер болот. Учурдагы бийлик сиздердин ишиңиздерге эч кимди кийлигиштирбейбиз жана мамлекеттик кепилдикти толук камсыздайбыз.

Биз инвесторлордон опузалап акча талап кылуусуна жол бербейбиз. Жергиликтүү бийликтин же элдин атынан бирөө-жарым келип ишке тоскоолдук кылбайт деп кепилдик кылабыз. Эгерде кимде-ким тоскоолдук кылса аны менен өзүм эсептешем. Кокус, биздин инвесторлорго карата чекилик иштердин чети эле билинсе өтө катуу жазаланат.

Биз 2,5 жыл ичинде ийгиликтүү иш жүргүзүп жаткан жана жүргүзө турган инвесторлорго мамлекеттик кызматкерлер тараптан сый мамиле кылууну жолго коё алдык. Инвесторлор үчүн ар кандай жеңилдиктер, уруксат берүүчү документтерди алууга ийкемдүү шарттарды түзүп беребиз. ", - деди президент кайрылуусунда.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/13165