"Асман шаарын эмнеге көлгө куруп жатасыңар?" дегендерге президент жооп берди
RU

"Асман шаарын эмнеге көлгө куруп жатасыңар?" дегендерге президент жооп берди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 30-июнда Ысык-Көлдө Асман эко шаарын курууга капсула салуу аземи өтүүдө. Иш-чарага чет элдик инвесторлор, курулуш компаниялардын өкүлдөрү жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү катышууда.

Салтанатта сөз сүйлөгөн президент Садыр Жапаров мындай шаар түштүк аймакка да куруларын айтты.

"Бүгүнкү күндө Кумтөр мамлекетибиздин экономикасын кандай алдыга жылдырып жаткан болсо, Асман шаары бүтүп, ишке кирсе, бул шаар дагы экономикалык жактан локомотив болуп, мамлекетибизди алдыга сүйрөп кетет.

"Сөздү маалы келгенде айтпаса, сөз атасы өлөт" дейт, бир нерсени белгилеп кетейин. Биздин кыска ой жүгүрткөн жарандарыбыз "Бул шаарды Баткенге салып койбойт белеңер, барын эле көлгө сала бересиңерби?" деген дооматтарын айтып жатышат.

Эгер көлүбүз Баткен тарапта болгондо сөзсүз Баткенге салдырат элем. Инвесторлор дагы мындай курулуш үчүн өздөрүнө ыңгайлуу, курорттук аймактарды тандашат экен.

Эң негизгиси - шаар кайсы жерге салынбасын ар бир кыргызстандык үчүн пайда алып келген, өлкөнүн экономикасын алдыга жылдырган шаар болот.

Кудай буюрса, мамлекетибиздин түштүк аймагына дагы дал ушундай шаар салынат", - деди өлкө башчы.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/13163