ММК: Польша менен Литва Украинадагы согушка даярданып жатат
RU

ММК: Польша менен Литва Украинадагы согушка даярданып жатат

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Июль айынын ортосунда Вильнюста НАТОнун саммити өтөт, андан кийин Польша менен Литва Батыш Украинанын аймагына өз аскерлерин жөнөтө алат. Бул тууралуу бир нече дүйнөлүк басылмалар өз булактарына таянуу менен билдирди деп жазат Правда.Ру.

Правда.Рунун маектеши Россия Украинага карата өз коопсуздугун канчалык терең камсыздайт деген негизги маселе экенин белгилеген.

"Бул кандайдыр бир деңгээлде НАТО өлкөлөрүнүн, атап айтканда Польша менен Литванын кандай иш-аракет кыларына реакция болот", - деп түшүндүрдү профессор Михайленко.

Эгерде РФ Куралдуу Күчтөрү Украинанын аймагындагы Польшанын армиясына сокку урса, анда НАТОнун уставына ылайык, душмандын агрессиясы болгон учурда блоктун куралдуу жардам көрсөтүүнү камтыган бешинчи беренеси күчүнө кириши мүмкүн. Бирок бул автоматтык түрдө ишке ашпайт, анткени аскердик, стратегиялык жана саясий кесепеттерди текшерүү керек деп баса белгиледи Михайленко.

Бул арада Польша Россия өзөктүк куралын Беларустун аймагына жайгаштырганына жооп иретинде Польша АКШнын өзөктүк куралын өзүнө жайгаштырууну каалайт деп билдирди Польшанын премьер-министри Матеуш Моравецки Брюсселдеги конференцияда.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/13175