Зеленский НАТОго Украинаны чакырышпаса, альянстын жыйынына катышпайт
RU

Зеленский НАТОго Украинаны чакырышпаса, альянстын жыйынына катышпайт

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Украинанын президенти Владимир Зеленский альянстын лидерлери Украинаны өз блогуна чакыруудан баш тартса, НАТОнун Вильнюстагы саммитине катышпайт. Бул тууралуу Украина президентинин аппарат жетекчисинин орун басары, Зеленскийдин дипломатиялык кеңешчиси Игорь Жовква Reuters агенттигине берген маегинде билдирди.

"Эгерде НАТОго мүчө өлкөлөрдүн лидерлери кайратсыздык көрсөтсө, президент саммитке барбайт, ал эми Украина бүт эрдиги, эрки жана күчү менен, жогорку моралдык маанайы менен Россиянын агрессиясына каршы күрөшүп жатат", - деди Жоквва.

Анын айтымында, украин бийлиги 11-12-июль күндөрү Вильнюста өтө турган НАТО саммитинде Украинанын 2022-жылдын сентябрь айында НАТОго мүчө болуу арызына жооп алып, альянска мүчө болууга чакырууну каалайт.

"Биз процедуранын башталышын суранабыз" деди Зеленскийдин кеңсесинин жетекчисинин орун басары. Ал белгилегендей, бул биринчи гана баскыч жана украин бийлиги согуш жүрүп жаткан кезде өлкө альянска кире албасын түшүнөт.

Эске салсак, 2022-жылдын сентябрь айында Украина НАТОго мүчө болуу үчүн альянска арыз берген.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/13174