Активист Өндүрүш Токтонасыров бүгүн да сурак берүүгө чакырылды
RU

Активист Өндүрүш Токтонасыров бүгүн да сурак берүүгө чакырылды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Жарандык активист Өндүрүш Токтонасыров бүгүн, 1-июлда ИИМге сурак берүүгө кайра барды. Бул ирет ал жактоочулар менен барганын, кечээ адвокаттын жоктугуна байланыштуу сурак токтотулганын Гүлгакы Мамасалиева Facebook баракчасына жазды.

Ошондой эле Токтонасыровго 30-мартта 330-берене менен иш козголгонун кошумчалады.

Ал эми Токтонасыров өзү журналисттерге 30-июнда ИИМдин Башкы тергөө башкармалыгында саат 23:00гө чейин суракка алынганын айтты. "Расалык, улуттар жана аймак аралык кастыкты козуткан пост жазгансың" деп айтышты", - деп комментарий берген.

Белгилесек, 30-июнда чак түштө активист Өндүрүш Токтонасыровду жарандык кийимчен төрт адам Лесное айылынан ак Жигулиге салып кеткени кабарланган. Кийин ал ИИМдин тергөө башкармалыгында болгону белгилүү болгон.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/13180