Валентина Шевченко сентябрда Алекса Грассо менен реванш өткөрөт
RU

Валентина Шевченко сентябрда Алекса Грассо менен реванш өткөрөт

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

UFCнин жеңил салмактагы мурдагы чемпиону Валентина Шевченко уюмдун учурдагы чемпиону Алекса Грассо менен реванш өткөрөт. Бул туурасында UFCнин расмий баракчасына жарыяланды.

Эске салсак, кыргызстандык менен мексикалык мушкерлердин биринчи беттеши 2023-жылдын март айында болуп, Грассо мөөнөтүнөн мурда жеңишке жетип, жаңы чемпион болгон.

Ал эми алдыдагы беттеш 16-сентябрда Лас-Вегаста (АКШ) өтөт.

35 жаштагы Шевченконун эсебинде 23 жеңиш жана төрт жеңилүү бар. 29 жаштагы Грассонун эсебинде 16 жеңиш жана үч жеңилүү бар.

Белгилесек, буга чейин Алекса Грассо Шевченко менен реванш өткөрүшү мүмкүн экенин айткан.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/13184