"Манас" аэропорту жаңы авиакомпания ачты
RU

"Манас" аэропорту жаңы авиакомпания ачты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

"Манас" эл аралык аэропорту" ААКсы жаңы туунду авиакомпания – "Асман" авиакомпаниясын түздү. Бул тууралуу маалымат Кыргыз фондулук биржасынын сайтында пайда болду.

Андагы маалыматка караганда, Жолдошбек Айдаралиев түзүлгөн "Асман" авиакомпаниясынын башкы директору болуп дайындалган.

Белгилей кетсек, буга чейин ал "Манас" эл аралык аэропортунун ААКнын дагы бир туунду компаниясын - "Эйр KG" авиакомпаниясын жетектеп келген.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/13191