Нарын дарыясын бекемдеп жатып сууга түшүп кеткен кишинин сөөгү табылды
RU

Нарын дарыясын бекемдеп жатып сууга түшүп кеткен кишинин сөөгү табылды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Нарын дарыясына экскаватор менен түшүп кеткен кишинин сөөгү табылды. Бул туурасында бүгүн, 3-июлда ӨКМдан кабарлашты.

Издөө иштеринин натыйжасында Нарын шаарынын 68 жаштагы Ө.Ү. аттуу тургунунун сөөгү табылып, милиция кызматкерлерине өткөрүлдү.

Белгилей кетсек, 2-июлда Нарын районунун Куланак айылында суу курулмасына коркунуч жаратып жаткан Нарын дарыясынын жээгин бекемдөө учурунда киши экскаватору менен сууга түшүп кеткен.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/13212