"Альфа Телеком" (Mega) компаниясы аукционго коюлду
RU

"Альфа Телеком" (Mega) компаниясы аукционго коюлду

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

"Альфа Телеком" ЖАКтын (Mega мобилдик оператору) 100% мамлекеттик үлүшү электрондук аукцион аркылуу сатыкка коюлду. Бул туурасында Министрлер кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фондунан кабарлашты.

Маалыматта Mega компаниясынын мамлекеттик үлүшү 8 700 100 акцияны камтыйт, баштапкы баасы 14,6 миллиард сомго же 167 миллион долларга бааланганы айтылат.

Аукцион etp.okmot.kg порталында өткөрүлөт.

Арыздарды кабыл алуу 4-июлда саат 10:00дө башталып, ушул жылдын 2-октябрында саат 10:00дө аяктайт. Аукцион 2-октябрда саат 16:00дө башталат.

Электрондук аукционго катышуунун шарттары тууралуу толук маалыматты etp.okmot.kg электрондук соода аянтчасынын порталынан жана Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиктин www.fgi.gov.kg расмий сайтынан тапса болот.

Mega компаниясы кызматтардын кеңири спектрин көрсөтөт, компаниянын 2,5 миллион абоненти, 5403 базалык станциясы, 15891 соода түйүнү, 9 аймактык филиалы, 12 фирмалык салону, 69 тейлөө кеңсеси бар экенин ведомство эске салды.

Кыргызстандын аймагын 2G түйүнү менен камтуу 99,3%, 3G – 99%, 4G – 96,2% түзөт. Учурда ишканада 1292 адам иштейт. "Альфа Телеком" ЖАКка тиешелүү болгон жер тилкелеринин аянты 15051,55 чарчы метрди түзсө, имараттар - 2230,3 чарчы метр.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/13219