MEGA уюлдук оператору сатылбай турган болду. Болжолдуу кожоюну айтылды
RU

MEGA уюлдук оператору сатылбай турган болду. Болжолдуу кожоюну айтылды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев мамлекеттик уюлдук байланыш оператору "Альфа Телеком" - MEGA`ны менчиктештирүү боюнча түшүндүрмө берди.

Айтымында, учурда Жогорку Кеңеште 2023-2025-жылдарга мамлекеттик мүлктү менчиктештирүү программасы талкууланууда. Менчиктештириле турган объектилердин тизмесине MEGA да киргизилип, мындан улам ал толук баалоодон өткөн.

"Менчиктештириле турган объектилердин тизмесине киргизилгенден кийин башкаруучу өзгөрүп, же Улуттук банк же Мамлекеттик өнүктүрүү банкы кожоюн болуп калат деп болжолдонууда. Тийиштүү чечим Министрлер кабинети тарабынан кабыл алынат. Башкача айтканда, компания өлкөнүн бюджетин толтурууга салым кошууну улантуу менен мамлекеттин карамагында калат жана банктын көзөмөлү астында тез өнүгөт.

Демек, компания эч кандай жол менен жеке жактарга же чет өлкөлүк компанияларга өтпөйт. Анын үстүнө башкаруучунун алмашуусу калкка көрсөтүлүүчү кызматтардын сапатынын жакшырышына, MEGA мамлекеттик компаниясын андан ары активдүү өнүктүрүүгө тез алып келет деп күтүлүүдө", - деди ал.

MEGA соода маркасы ребрендингге чейин MegaCom деген ат менен белгилүү болчу.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/9984