Сот кримавторитет Карышкырды 14 жылга эркинен ажыратты
RU

Сот кримавторитет Карышкырды 14 жылга эркинен ажыратты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

20-июнда Чүй облусунун Аламүдүн райондук соту крим чөйрөдө Карышкыр каймана аты менен таанымал Мурсалым Умырзаковду буюртма менен киши өлтүрүү боюнча күнөөлүү деп тапты. Бул тууралуу Kaktus.media сайтына укук коргоо органдарынан билдиришти.

Алардын айтымында, Умырзаков "Уюшкан топ түзүү же ага катышуу", "Адам уурдоо", "Опузалап талап кылуу" жана "Киши өлтүрүү" беренелери боюнча күнөөлүү деп табылды. Сот үй-мүлкүн конфискациялоо менен аны 14 жылга эркинен ажыратып, күчөтүлгөн тартиптеги түзөтүү колониясында жазасын өтөө өкүмүн чыгарды.

Андан сырткары жогорудагы беренелер боюнча К.В.М. жана С.уулу С. күнөөлүү деп табылып, мүлкүн конфискациялоо менен 13 жылга эркинен ажыратылды.

Ошондой эле "Адам уурдоо" жана "Опузалап талап кылуу" беренелери боюнча А.Г.Ж. күнөөлүү деп табылып, 9 жылга соттолду. Ал жалпы режимдеги түзөтүү колониясында жазасын өтөйт. "Адам уурдоо" жана "Опузалап талап кылуу" беренелери боюнча А.М.Т. күнөөлүү деп табылды. Ал жалпы режимдеги түзөтүү колониясына 8 жылга эркинен ажыратылды. Ушул эле беренелер боюнча А.А.С. үч жарым жылга соттолду.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/13221