Бишкекте Карышкыр каймана аты менен белгилүү болгон кылмыштуу топтун лидери камакка алынды
RU

Бишкекте Карышкыр каймана аты менен белгилүү болгон кылмыштуу топтун лидери камакка алынды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкекте кылмыштуу топтун лидери Мурсалым Умырзаков кармалды. Ал "Карышкыр" каймана аты менен белгилүү. Бул тууралуу Kaktus.media'нын редакциясына күч структураларынын кызматкерлери билдиришти.

Алардын айтымында, кечээ күнү, 19-январда, УКМКнын кызматкерлери "Альфа" атайын бөлүмүнүн колдоосу менен кылмыштуу топтун лидери Мурсалым Умырзаковду кармашты.

Ал Чүй проспектиндеги көп кабаттуу үйдүн батиринде жүргөн жеринен колго түшүрүлгөн.

Белгилей кетсек, Мурсалым Умырзаков колониядан 2020-жылы, күзүндө бошотулган. Социалдык тармакта Умырзаков мыйзамдагы ууру аталды деген маалымат тараган. Бирок КР ИИМ бул маалыматты төгүндөгөн.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/443