Аукционго коюлган "Альфа Телекомду" сатып алууну пландап жаткан мекеме аталды
RU

Аукционго коюлган "Альфа Телекомду" сатып алууну пландап жаткан мекеме аталды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 4-июлда "Альфа Телеком" компаниясынын (Mega мобилдик оператору) 100% мамлекеттик үлүшү электрондук аукцион аркылуу сатыкка коюлганы кабарланды. Бул маалыматтан кийин президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев "Альфа Телеком" компаниясы боюнча мамлекеттин пландары өзгөрбөгөнүн социалдык тармактагы баракчасына жазды.

"Учурда компанияга аукцион жарыяланды, ага Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкы катышып, уюлдук операторду сатып алууну пландоодо. Муну менен компания мамлекеттин карамагында калып, өлкөнүн экономикасынын өнүгүүсүнө өз салымын кошуусун улантат.

Мындан тышкары башкаруучунун алмашуусу калк үчүн кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жакшыртууга алып келери күтүлүүдө", - деп айтылат билдирүүдө.

Белгилесек, аукцион etp.okmot.kg порталында өткөрүлөт. Арыздарды кабыл алуу 4-июлда саат 10:00дө башталып, ушул жылдын 2-октябрында саат 10:00дө аяктайт. Аукцион 2-октябрда саат 16:00дө башталат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/13232