Монголияда Кыргызстандын элчилиги ачылып, ага Садыр Жапаров катышат
RU

Монголияда Кыргызстандын элчилиги ачылып, ага Садыр Жапаров катышат

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Садыр Жапаров 9-11-июлда монгол президенти Ухнаагийн Хурэлсухтун чакыруусу менен Монголияга мамлекеттик сапар менен барат. Бул тууралуу президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев билдирди.

"Бул сапардын алкагында Садыр Жапаров Монголиянын президенти Ухнаагийн Хурэлсух, премьер-министр Лувсаннамсрайн Оюун Эрдэнэ, Монголиянын Улуу Мамлекеттик Хуралынын төрагасы Гомбожавын Занданшатар менен эки тараптуу жолугушууларды өткөрөт.

Тараптар Кыргызстан менен Монголиянын ортосундагы соода-экономикалык, инвестициялык, маданий-гуманитардык тармактардагы эки тараптуу кызматташтыктын абалын жана мындан аркы өнүгүү келечегин талкуулашат.

Улан-Батор шаарына болгон сапардын алкагында Кыргыз Республикасынын Монголиядагы элчилигинин расмий ачылыш аземи да болот.

Сапардын жүрүшүндө Кыргыз Республикасы менен Монголиянын достук жана кызматташтык мамилелерин тереңдетүү жөнүндө биргелешкен декларациясына, ошондой эле экономика, санариптештирүү, айыл чарба, курчап турган чөйрөнү коргоо, токой экосистемаларын өнүктүрүү жана башка чөйрөлөрүндө кызматташуу жөнүндө бир катар эки тараптуу макулдашууларга кол коюлат.

Тараптар ошондой эле Кыргызстан менен Монголиянын ортосундагы соода-экономикалык жана социалдык-гуманитардык байланыштарды бекемдөө максатында Бишкек жана Улан-Батор шаарларынын, Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун жана Монголиянын Хэнтий аймагынын ортосунда боордош байланыштарды түзүү боюнча макулдашууларга кол коюшат", - деп билдирди Азымбакиев.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/13264