Садыр Жапаров Кытайдын Цзинань шаарына барды
RU

Садыр Жапаров Кытайдын Цзинань шаарына барды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Өлкө башчы Садыр Жапаров бүгүн, 20-майда Цзинань шаарына барды (Кытай Эл Республикасы).

Президенттин администрациясынан билдиришкендей, Садыр Жапарлвдун Кытайга болгон мамлекеттик сапарынын алкагында жыйынтыктоочу иш-чаралар, анын ичинде эки тараптуу сүйлөшүүлөр өтөт.

Белгилесек, президент баштаган кыргыз делегациясы 17-майда мамлекеттик сапар менен Кытай Эл Республикасына барышкан. Сапардын алкагында мамлекет башчы "Кытай-Борбор Азия" саммитине да катышты.

Иш сапар бүгүн, 20-майда жыйынтыкталат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/12374