УКМК: Адахан Мадумаровдун эки тарапташы кармалды
RU

УКМК: Адахан Мадумаровдун эки тарапташы кармалды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Улуттук коопсуздук комитети "Бүтүн Кыргызстан" фракциясынын лидери, депутат Адахан Мадумаровдун тарапташтарынын камалышы тууралуу комментарий берди.

"Кыргызстанда нааразылык акцияларын жана ири толкундоолор, андан кийин бийликти күч менен басып алуу үчүн жашыруун даярдыктарды жүргүзгөн "Бүтүн Кыргызстан" партиясынын мүчөлөрүнүн мыйзамсыз иш-аракеттеринин бети ачылып, бөгөт коюлду.

Жогорудагы шек менен аталган партиянын З.У.А. жана Т.И.М. аттуу активдүү жактоочулары УКМКнын тергөө абагына камалды",- дешти комитеттен.

КР Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренесинин 3-бөлүгүнүн ("Массалык баш аламандыкка чакыруу") негизинде козголгон кылмыш ишинин алкагында 2023-жылдын 6-июлунда УКМК тарабынан "Бүтүн Кыргызстан" саясий партиясынын Чүй облусунун Сокулук, Москва райондорунда жана Бишкек шаарында 10 активдүү мүчөсүнүн жашаган жеринде тинтүү иштери жүргүзүлгөн.

Тинтүү учурунда "Бүтүн Кыргызстан" саясий партиясынын партиялык материалдарынан тышкары бул партиянын мүчөлөрүнүн каржы булактарын көрсөткөн банктык карталары жана реквизиттери алынды. Мындан тышкары тинтүүлөрдүн натыйжасында алардын кылмыштуу ниетин тастыктаган башка буюм далилдери да алынган.

Табылган материалдарда төмөнкүдөй кайрылуулар болгон:

"Ансыз деле төңкөрүш керек".

"Революция болсо токтойт бардык иш. 2 жылдан бери айтып келе жатам. Бул бийлик сөздү түшүнбөйт. Муштумду түшүнөт. Буларды уруп же жок кылып токтотосуздар. Революция болот "по любому". Революцияга барарда башынарды кылычка сайып барыныздар"; "Барыныздар кастет, дубинка, сухой пайок алып алыңыздар, дубинка алып ал. Милиция же кара кепкачанды көрсөң эле башка чап дароо, ойлонбой"; "дубинка, коктейл молотов алып алгыла, керек болот. Баарын оптом өрттөп салгылачы күлүн асманга сапырып. Болду, артка жол жок согушса согушабыз. Акмактар, адыраңдаган, сарт менен уйгур, зектер".

"Алар А.Мадумаровдун "Бүтүн Кыргызстан" саясий партиясынын борбордук штабы тарабынан координацияланып турган, тактап айтканда, "Бүтүн Кыргызстан" парламенттик фракциясынын катчылыгынын кызматкерлери тарабынан А.Мадумаровдун жер-жерлерде тарапташтары менен туруктуу байланышта болуп, мобилдик тиркемелерде, мессенджерлерде жана социалдык тармактарда "тайпаларды" түзүү аркылуу байланышта болуп, массалык баш аламандыкка даярдык көрүү менен байланышкан нааразылык акцияларын уюштурууда таасир берип турушкан.

УКМК органдары тарабынан коомдук-саясий туруктуулукту камсыз кылуу боюнча тиешелүү иштер жүргүзүлүүдө", - деп айтылат маалыматта.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/13275