Григорий Лепстин Чолпон-Атада пландалып жаткан концерти токтотулду
RU

Григорий Лепстин Чолпон-Атада пландалып жаткан концерти токтотулду

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Россиянын Эл артисти Григорий Лепстин Чолпон-Ата шаарында пландалып жаткан концерти токтотулду. Бул туурасында уюштуруучулардын социалдык тармактагы баракчасында айтылат.

Белгилесек, Россиянын аскердик агрессиясын жана Украинадагы аракеттерин колдогон ырчы Чолпон-Атадагы көңүл ачуучу жайлардын биринде концерт коюуну пландаган. Бул тууралуу социалдык тармактарда тараган жарнамаларда айтылган. Маалым болгондой, жарыя концерттин конокторунун пикирин билүү максатында алдын ала берилген. Билеттин болжолдуу баасы болжол менен 100 доллар болчу.

Лепстин өзүнүн расмий баракчаларында алдыдагы концерт тууралуу эч кандай маалымат болгон эмес.

Социалдык тармакта концерттин өтүшүнө каршы болуп, терс пикирлерин жазгандар арбып баратканда иш-чаранын уюштуруучулары жарыяны алып, концерттин токтотулгандыгын тастыкташты.

Буга чейин Казакстан менен Өзбекстанда Григорий Лепстин концерттери коомчулуктун басымынан улам токтотулган.

Эске салсак, чыгармачылыгы улуттук баалуулуктарга туура келбейт деген жүйө менен "Порнофильмы" тобунун жана рэпер Моргенштерндин Кыргызстандагы концерттери токтотулган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/13285