Чаткалдагы ок атышуу. Милиция шектүүнү колго түшүрдү
RU

Чаткалдагы ок атышуу. Милиция шектүүнү колго түшүрдү

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Чаткалдагы ок атууга шектелип 30 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу Жалал-Абад облусунун ички иштер башкармалыгынан Kaktus.kg сайтына билдиришти.

Маалым болгондой, 7-июлда саат 14:30 чамасында Жер-Капчыгай айылында 30 жаштагы С.Ж. Макаров тапанчасы менен 1985-жылы туулган Ж.С.га бир нече жолу ок аткан.

Бул факты каттоого алынып, окуя болгон жерден сегиз гильза алынды. Кылмышка шектүү С.Ж. милиция кызматкерлерине 1 огу бар тапанчаны өз ыктыяры менен тапшырган.

1993-жылы туулган С.Ж. убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Тергөө иштери уланууда.

Башкы беттеги сүрөт иллюстрациялык: pexels.com.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/13304